Amirchik — КЫРГЫЗСТАН

Слушать Amirchik — КЫРГЫЗСТАН

Текст песни Amirchik — КЫРГЫЗСТАН

Тандабаймын жеңил жолду арзандыкка барабар
Кенен жайдым эки колду азаттыкка барабар
Эгемендүү боло алганга эмгек кылган аталар
Ар аймакта тарбияланган уул-кыздарга баталар

Дайым үмүтүмдү сактагам кыйын кездер кетет деп
Дайым намысымды сатпагам керемет жерим жетет деп
Калкым кээде байланбас анткени бул Кыргызстан

Алгалаймын бул ааламда чексиздикке барабар
Талкалаймын сапаттарды эрксиздикке барабар
Кыргызым кыйналып жаткан кезде эт жүрөгүм жарадар
Күнөөкер жазасын алсын, жашын агызбасын апалар

Күнү түнү үмүтүм күч кубат берет керекте
Маанилүү бүгүнкү күн эртеңки келечекке
Ушул жерде сен гана себепкери болосуң
Ушул жерге сен гана кайра келип коносуң

Дайым үмүтүмдү сактагам кыйын кездер кетет деп
Дайым намысымды сатпагам керемет жерим жетет деп
Калкым кээде байланбас анткени бул Кыргызстан

Кыргызстан
Кыргызстан
Кыргызстан
Анткени бул Кыргызстан

О чём песня Amirchik — КЫРГЫЗСТАН

Песня "КЫРГЫЗСТАН" Амирчика посвящена гордости за свою родину и стремлению к свободе и независимости. Исполнитель выражает уважение к предкам, которые трудились ради суверенитета страны, и веру в лучшее будущее для молодого поколения. Настроение песни вдохновляющее и оптимистичное, с акцентом на надежду и стойкость перед трудностями.

О песне «КЫРГЫЗСТАН»

  • Исполнитель: Amirchik
  • Альбом: КЫРГЫЗСТАН (Сингл, 2026)
  • Дата выхода: 31.08.2026
  • Жанр: Поп
  • Длительность: 2:15
  • Авторы слов: Сапарбеков Бакытбек
  • Лейбл: DAVIA MUSIC